Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:23

Британ премьер-министри Ирландиянын республикалык армиясы куралсыздануусун кубаттады


Тони Блэр Ирландиянын республикалык армиясы толук куралсызданганы жөнүндөгү жарыяны кубаттады. Анын айтымында, муну менен Түндүк Ирландиядагы тынчтык жараянын жылдырууга жол ачылып олтурат:

- Мен чын ниетимден, ушул баардык жана кээде өтө оор жылдардан кийин, Түндүк Ирландиядагы тынчтык жараяны акыр аягында ийгиликтүү бүтөт деп үмүттөнөм. Биз ишеним жаралуусу менен Түндүк Ирландиядагылардын көпчүлүгү чын ниетинен күткөн нерсени багындыра алабыз го деген ишенимдемин. Ольстердин эли өз өкмөтүн кайтарууну жана өз келечегин өздөрү аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалайт.

Ирландиянын республикалык армиясынын куралсызданганы жөнүндөгү жарыяны ирланд премьер-министри Берти Ахерн, АКШ бийликтери да кубатташты. ИРАнын саясий канаты болгон Шин Фейн партиясынын лидери Жерри Аддамс кечээ католиктер менен протестанттарга өткөндү унутуп, тынчтык келечекти биргелешип куруу чакырыгы менен кайрылды. Анткен менен протестанттардын лидерлери ирланд армиясы Британияга каршы 35 жыл боюу колдонгон курал-жарагын түгөл өткөрүп бергенине ишенбейт.

XS
SM
MD
LG