Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:55

Дырылдаев президентке кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин төрагасы Рамазан Дырылдаев 27-сентябрда президент Курманбек Бакиевге кайрылуу менен чыкты. Анда Азимбек Бекназаровду башкы прокурорлук кызматтан алуу кескин айыпталып, ал коррупцияга каршы чындап күрөшкөндүгү үчүн ушундай абалда калды, деп айтылган. Бекназаров Канттагы цемент-шифер заводдун 13% акциясын, Шампанвинкомбинаттын акциясынын мыйзамсыз сатылуусуна каршы болгон. Цемент-шифер заводунун акциясын вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов сатып алууга кызыккан, ал эми шампанкомбинаттын акциясы да сизге жакын адамдардын колуна түшкөндүгү маалымдалууда. Сиздин уулуңуз Максим Бакиев ишкерлигин ачык жүргүзүүгө тийиш. Кудаңыз Таштемир Айтбаевди улуттук коопсуздук кызматтын төрагалыгына дайындалуусун коррупция катары апрель айында айыптаган элем. Андай практика дагы эле уланууда. Ошондуктан түзүлгөн кырдаалды оңдоо үчүн Бекназаровду ордуна коюу, Карасуу боюнча комиссия мүчөлөрүн кызматтан алып, Акаев заманында жаманатты болгон адамдарды кызматка дайындоону токтотуу жана Конституциялык реформаны жүргүзүү керек, деп айтылган бул кайрылууда.

XS
SM
MD
LG