Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:26

Профсоюздар федерациясы коррупцияланганбы?


БИШКЕК. Кыргызстандын профсоюздар федерациясында ири коррупциялык иштер орун алган. Бул тууралуу 27-сентябрда аталган федерациянын ишмердүүлүгү боюнча көз карандысыз журналисттик иликтөө жүргүзгөн «Трибуна» гезитинин башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков билдирди. Анын айтымында, федерациянын менчигиндеги айрым объектилер анын жетекчилиги тарабынан мыйзамсыз сатылган, Улуу Атамекендик согуштун ардагерлерине, майыптарга чегерилген эс алуу жайларына жолдонмолор да чиновниктерге, депутаттарга, журналисттерге сатылган. Бул күнү Кыргызстан элдик ыңкылапты коргоо кыймылынын өкүлдөрү да профсоюздар федерациясынын имаратынын алдына анын төрагасы Сагын Бозгунбаевди кызматынан кетирүү талабы менен пикетке чыгышты. Нааразылык чаранын катышуучулары аны ири көлөмдөгү акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган, деп күнөөлөштү. Буга чейин ички иштер министрлигинин тергөө кызматтары тарабынан Сагын Бозгунбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон жана ал жашаган жеринен чыкпоого милдеттендирилген. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG