Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:00

Ак үй алдында нааразылык чара улантылды


БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровдун отуздай жактоочусу 27-сентябрда Ак үйдүн алдында нааразылык чараны улантышты. Алар бул күнү да «Эки жүздүүлөр кызматтан кетсин», «Үсөн Сыдыков кызматынан кетсин», «Чындык үчүн чыркырап, коррупция менен күрөшкөн Азимбек Бекназаров Кыргызстанга керек» деген сыяктуу плакаттарды кармап турушту. Нааразылык акциянын катышуучулары “президент Курманбек Бакиев Азимбек Бекназаровду кайра баш прокурорлук кызматка дайындасын”, - деген талап менен турушат. Алар коюлган талап аткарылмайынча, нааразылык акциясын уланта беришээрин билдиришүүдө. Азимбек Бекназаров өткөн аптада президенттин жардыгы менен ээлеген кызматынан бошотулган.

XS
SM
MD
LG