Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ИНГЛАНД ҮЧ ЖЫЛГА СОТТОЛДУ


Ирактын Абу-Грэйб түрмөсүндө туткундарга мазактап мамиле жасаганы үчүн америкалык солдат Линди Ингланд үч жылга түрмөгө кесилди. Өкүм угузулардан мурда Ингланд осол иштерге аралашканын моюнга алып, коалициянын аскерлеринен жана Иракта мерт болгон куралдаштарынын жакын жамаатынан кечирим сураган эле.

Линди Ингланддын аты дүйнөгө былтыр дүң болгон эле. Америкалык аскерилер Абу-Грэйб түрмөсүндө туткундарды айыш-аширет маанисиндеги аракеттерди жасаганга мажбурлап, мазактап-маскаралап жатканын ырастаган сүрөттөрдүн биринде катардагы жоокер Линди Ингланд жылаңач туткундун жыныс мүчөсүн союлдун учу менен сайып көрсөтүп турганы, экинчисинде болсо, энеден туума дагы бир абаккердин мойнуна каргы байлап, ит сыяктуу жетелеп алганы тартылган эле.

Соттогу суракта Ингланд ошо кездеги ойношу Чарлз Грейнердин көңүлүн улап, анын өтүнүчү менен аширет иштерге аралашып калганын айтып актанды. Грейнерди сот мурда он жылга түрмөгө кескен. Ал эми былтыр дастания маалындагы суракта Ингланд бул иште жогорку даражалуу аскерилерден көрсөтмө алганын, болгону ошолордун буйругун аткарганын, сүрөттөрдү да ошол офицерлер тартып алганын айткан болчу.

Human Rights Watch уюму өткөн жумада доклад таркатып, америкалык аскерилер Фаллужага жакын лагерде да туткундарды уруп-сабап, каалагандай ыдыктап, кордук көрсөтүп жатканын ырастады. Укук коргоочулар мындай иштерге армияда баарыдан мурда жогорку командачылык өзү жол берип, мүмкүндүк түзүүдө, анын жоопкерчилигин болсо Ингланд өңдүү катардагы жоокерлер тартып жатат деп эсептешет.

Буга байланыштуу Пентагондун башчысы Дональд Рамсфелд армиядагы адепсиз жоруктар тууралуу ар бир маалыматка олуттуу маани берилерин, бирок көп учурда андай кабарлар кайбат болуп жатканын белгиледи. Ал эми аныкталган фактыларга ат үстүнөн мамиле жасалбайт, атайын иликтөө бөлүмдөрү ар бир ишти мирисинен сирисине чейин кыйкымчылдык менен териштирип турат, чындыкты эртеби-кечпи, баары бир билебиз, деп ишендирди Рамсфелд.

Игланд Абу-Грэйб түрмөсүндөгү аширетке байланыштуу жоопко тартылган аскерилердин тогузунчусу болду. Өкүм чыгарылардан бир азыраак мурда ал коалициялык аскерлерден, Абу-Грэйбдеги осол окуялардын капшабы тийип, Иракта мерт болгон жоокерлердин жакын жамаатынан, урук-туугандарынан кечирим сураган эле. Ал ошондой эле он бир айлык ымыркайы бар экенин айтып, соттун ырайымдуулугуна үмүт кылган. Өкүмдү Ингланд башын жерге салып, унчукпай укту, бирок акырында өзүн кармана албай, өзөлөнүп ыйлап ийди.

XS
SM
MD
LG