Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

Аксылыктар президентке кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаровго өкмөт Жогорку сотко төрага болууну сунуштап жатат. Бул тууралуу “АКИ-пресс” маалымат агенттигине Азимбек Бекназаровдун жардамчысы Самсаалы Четинбаев билдирген. Аксы коомунун мүчөсү Жээналы Камбаралиев билдиргенге караганда, өкмөт үйүнүн жанында пикетчилерге сүйлөшүүгө чыккан президенттик администрация өкүлдөрү да Азимбек Бекназаровду Жогорку сотко төрага болууга көнгөнү оң, тирешүүдөн майнап чыкпайт, деген сунуш айтышкан. 27-сентябрда “Аксы коому” бирикмеси президент Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоду. Анда аксылыктар Азимбек Бекназаровду башкы прокурорлук кызматка кайра коюп, аны тымызын аңдууну жана куугунтуктоону токтотуу, ага жансакчыларды берүү, коопсуздугун камсыз кылуу сыяктуу талаптарды коюшкан. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров болсо 27-сентярбда Улуттук телеканал аркылуу жактоочуларына кайрылып, кайра кызматка коюу өңдүү талаптарды токтотууну суранып, мындай көрүнүш өзүнүн принциптерине туура келбестигин айтты.

XS
SM
MD
LG