Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Депутаттар Отунбаевадан өч алыштыбы?


БИШКЕК. Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева аны министрликке өткөрбөй коюу менен депутаттар эски өчтөрүн алды, деген ойдо. Ал бул тууралуу 28-сентябрда “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Роза Отунбаеванын пикиринде, парламенттеги акаевчил “Алга, Кыргызстан!” партиясынан шайланган депутаттар 24-марттагы окуядан берки кектерин чыгарса, айрым депутаттар өкмөткө келгенге чейин айтылган парламентти таратыш керек деген пикири үчүн өч алышты. Роза Отунбаева парламентке Акүйдөн да таасир эткендер болду, себеби мен азыркы бийликте жеке кызыкчылыктары үчүн отургандардын жолун тосуп аткам дейт. Роза Отунбаева “Атажурт” саясий кыймылынын жетекчилигине 2004- жылы ноябрь айында келип, оппозициялык күчтөрдүн лидерлеринин бири болгон. 2005-жылы 25-мартта тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 27-сентябрда парламентте 35 добуш алып, министр болуп бекиши үчүн 3 добуш жетпей калды.

XS
SM
MD
LG