Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

Европарламент Түркия менен Бажы союзу жөнүндөгү келишимди ратификациялоону кийинкиге калтырды


Келишим Түркия менен Евробиримдиктин ортосундагы Бажы союзун уюмга былтыр жаңыдан мүчө болгон он өлкөгө да жайылтууну карайт. Жогорудагыдай чечимди 311 депутат колдоп, 285 каршы болду. Европарламенттеги консервативдик фракциялардын билдиргенине караганда, Бажы союзу жөнүндөгү келишим жактырылганга чейин Түркия Кипр боюнча турумун өзгөртүшү керек. Анкара Евробиримдикке кирген Кипр республикасын таануудан баш тартууда.
Бирок Европарламенттин кечээги чечими Түркиянын бул уюмга кирүүсү боюнча сүйлөшүүлөрдүн расмий башталышына таасир бере албайт. Евросоюздун тышкы иштер министрлери Түркия менен сүйлөшүү баштала турганын 3- октябрда жарыялары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG