Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

АКШнын президенти Иракта референдум алдында зомбулук аракеттери күчөшү мүмкүн экенин эскертти


Кечээ аял жанкечти өзүн аскерге кабыл алынуучулар борборунун жанында жардыруусунан кеминде 5 киши каза таап, 50дөйү жаракат алды. Ирактын түндүгүндөгү Тал–Афар деген жерде орун алган бул кандуу окуя, аял жанкечти жасаган биринчи жардыруу катары каралууда. Ал үчүн Интернет аркылуу таратылган билдирүүдө "ал-Каида" уюму жоопкер болду. Бирок маалыматтын тууралыгы башка булактар тарабынан ырасталган жок. Кечээ жанкечти жасаган жардыруудан Бакуба шаарында да бир адам өлүп, он үчү жаракат алган.

Мунун аралыгында Вашингтондон АКШнын президенти Жорж Буш Иракта келерки айда өлкө Конституциясын кабыл алуу жана жаңы өкмөттү куруу үчүн өтүүчү референдум алдында зордук-зомбулук аракеттери күчөрүн эскертти. Бирок Буш белгилегендей, коалициялык жана ирактык аскерлер кырдаалды колдон чыгарбоого даяр:

-Азыр саны көбөйтүлгөн ирактык жоокерлер биз террорчулардан алган шаарларды жакшыраак көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берди. Ирактык жоокерлер өз элин, алардын тилин жана кимдер террорчу экенин билишет.

АКШнын президенти бул тууралуу америкалык аскерлер Ирактын түштүгүндөгү Нажаф шаарынан соң, Кербала шарында да коопсуздук үчүн жоопкерчиликти толугу менен ирактыктарга өткөрүп берген учурга тушташ билдирди.

XS
SM
MD
LG