Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

«Эркиндик» партиясы кайрадан кол топтойт


БИШКЕК. Топчубек Тургуналиев жетектеген “Эркиндик” партиясы парламентти таратуу боюнча кайрадан атуулдардын колун топтой баштайт. Бул тууралуу партия төрагасы Топчубек Тургуналиев 29-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Ушул апта башында БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов 1990-жылы кабыл алынган референдум тууралуу мыйзамда парламентти таратуу үчүн кол топтоодон мурда демилгелүү топ Юстиция министрлигинен каттоодон өтсүн деп жазылгандыгын айтып, «Эркиндик» партиясынын буга чейин топтогон колу жараксыз деп табылгандыгын маалымдаган. «Буга байланыштуу «Эркиндик» партиясы БШК бекитип берген кол топтоо боюнча баракчанын жаңы үлгүсү боюнча атуулдардын колун топтой баштайт», - деп кошумчалады Топчубек Тургуналиев. Анын айтымында «Эркиндик» партиясы буга чейин 150 миңден ашуун атуулдун колун топтогон.

XS
SM
MD
LG