Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 03:24

Феликс Кулов Орусияда


БИШКЕК. Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов 29-сентябрда эртең менен Орусияга иш сапары менен жөнөп кетти. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Феликс Кулов Орусиянын өнөр жай жана энергетикка министри Владимир Христенко, экономика министри Герман Греф, өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу, андан соң Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен жолугушат. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосунда энергетика, экология, миграция жана билим берүү тармагы боюнча кызматташтыкты чыңдоо боюнча маселелер талкууланат. Бейрасмий маалыматтар боюнча, Феликс Кулов ошондой эле өлкөдөгү эң ири ишканалардын айрымдарын Кыргызстандын Орусияга болгон тышкы карызы үчүн баалап берүү боюнча да сүйлөшүү жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG