Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Министрликке бекитилбей калгандардын ордуна башка талапкерлер сунушталды


БИШКЕК. Парламентте 27-сентярбда жетиштүү добуш ала албай калган өкмөт мүчөлөрдүн ордуна президент Курманбек Бакиев 29-сентябрда башка адамдарды сунуш кылды. Маселен,тышкы иштер министрлигине Аликбек Жекшенкулов, транспорт жана байланыш министрлигине Нурлан Сулайманов, өкмөттүн аппарат башчылыгына Турусбек Койоналиев, миграция жана жумуш менен камсыз кылуу комитетине Айгүл Узакбаева, маданият министрлигине Султан Раев, эмгек жана социалдык коргоо министрлигине Евгений Семененко сунушталды. Мурда бул кызматтарга Роза Отунбаева, Алевтина Проненко, Ишенбай Кадырбеков, Токтокан Боромбаева, Накен Касиев жана Эмил Узакбаев сунушталган болчу.

XS
SM
MD
LG