Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

АКШ президентинин айтымында, Ирактагы жардыруулардын саны көбөйүшү мүмкүн


Иракта бүгүн эки жардыруу болуп, төрт адам набыт кетти жана дагы сегиз киши жараат алды. Кечээ күнү бир аял өзүн-өзү жардырып жибергенден, анын жанындагы беш адам дагы курман болгон. Террор аракеттерин буга чейин Иракта аялдар ишке ашырган учурлар катталган эмес. АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү билдиргенге караганда, октябрда Иракта Конституция боюнча өткөрүлө турган референдум алдында өлкөдө мыйзам бузуулар күчөшү мүмкүн.

XS
SM
MD
LG