Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:02

КМШнын аймагында кылмыштуулук өсүүдө


КМШ өлкөлөрүнүн аткаруучу катчысы Владимир Рушайло кечээ Ереванда ички иштер министрлеринин жыйынында кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү зарылдыгын белгилеп, буларды маалымдады:

- КМШнын статистикалык комитетинин маалыматына караганда, 2005- жылдын алгачкы алты айында кылмыштуулук былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орто эсеп 12 пайызга өскөн. Бул бизден кылмыштуулука каршы күрөштүн негизги багыттарында аракеттерди күчөтүүнү талап кылууда.

Владимир Рушайло ошондой эле Еревандагы жыйында КМШнын ички иштер министрлерин наркосоодага каршы күрөштө БУУнун баңги заттарды көзөмөлдөө жана кылмыштуулукту алдын алуу мекемеси менен карым-катнашты чыңдоого чакырды.

Дүйнөлүк таңкы кабарларды Прагадан Улан Эшматов даярдады

XS
SM
MD
LG