Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:35

Беларусиядагы жардыруу үчүн белгисиз уюм жоопкер болду


Өзүн “Беларусиянын улуттук боштондук армиясы” деп атаган топ билдирүүсүндө ушул айдын ичиндеги эки жардыруу алардын саясий кампаниясынын бир бөлүгү экенин белгилейт. Аталган топ ошондой эле президент Александр Лукашенкону бийликтен кулатуу чакырыгы менен чыккан. Беларус ички иштер министрлигинин өкүлү Виталий Гринкевич мындай ырастоо канчалык чындыкка коошору жөнүндө айтуу мүмкүн эмес экенин белгиледи. Тергөөчүлөр ушул айда Орусия чек арасына жакын Витебск шаарында орун алган эки жардырууну кылмыштуу топторго байланыштырган эле. Андан ондогон адамдар жаракат алган болчу.

XS
SM
MD
LG