Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:26

Европа Биримдиги Өзбекстанга каршы санкция киргизгени жатат


"Азаттык" радиосунун Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякс мына буларды билдирди:

- Өзбекстанга каршы киргизилүүчү санкциялар жөнүндө Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү жарыялачудай. Дипломаттар маалымдашкандай, уюмга мүчө өлкөлөр Өзбекстанга курал жарак, аскерий жана башка жабдууларды, Ташкен ички репрессиялар үчүн колдонушу мүмкүн болгон бардык нерселерди сатууга эмбарго киргизүүнү макулдашып коюшту.

Мындан сырткары Евробиримдик кабыл алуучу чаралар Өзбекстанга жардамды кыскартууну да карайт. Евробиримдик санкция киргизүү аркылуу, дипломаттардын айтымында, өзбек бийликтери май айында Анжианда орун алган кандуу окуялар боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүдөн баш тартканына жооп берүүдө. Бул боюнча даярдалган документтин долбоорунда Өзбекстандын коопсуздук кызматтары күчтү "ашыкча, пропорцианалдуу эмес, баш-аламан колдонгону" үчүн сынга алынган. Расмий Ташкен азырынча бул жаңылыка карата өз пикирин билдире элек. Мунун аралыгында Вашингтондон АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак кабарчыларга Өзбекстанга берилүүчү 21 миллион доллардык жардам токтотулуп жатканын маалымдады.

XS
SM
MD
LG