Украинанын жаңы премьер-министри Юрий Ехануров Москвага иш сапар менен барды. Ал Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Фрадков менен жолугушуп, Украина Орусия менен мурда кол коюлган макулдашуу, келишимдердин бардыгы өз күчүндө иштей берээрин билдирди. Андан тышкары Орусиядан Украинага газ сатуу жана президент Владимир Путиндин Украинага визитин уюштуруу маселеси талкууланды.