Европа Биримдигинин жетекчилиги Ооганстандагы шайлоонун бурмалангандыгына тынчсыздануусун билдирди. Биримдиктин байкоочулары өлкөнүн көпчүлүк аймактарында бюллетендерди жасалмалоо жана шайлоочуларды коркутуп-үркүтүүлөрдү байкашкан. Евробиримдик Ооганстандын борбордук шайлоо комиссиясын мына ушул жагдайларды иликтөөгө чакырды. Шайлоонун жыйынтыгы болсо эмдиги жумада жарыяланат.