БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон маалымдашкандай, 1-октябрда Талас, Нарын аймактарында жана Ысыккөл облусунун чыгыш тарабында 0 градустан -1 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
1-октябрда Кыргызстандын аймагы боюнча дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Жумшак жел аргы жүрөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +4...+9, күндүз +21...+26 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн 0...+5, үшүк жүрөт. Күндүз +19...+24 градус. Жалалабат, Баткен жана Ош чөлкөмдөрү боюнча түнкүсүн +8...+13, күндүз +23...+28 градус жылуу болот. Көл кылаасында түнкүсүн +2...+7, күндүз +12...+17 градус. Тоолуу Нарын жергесинде түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18 градус жылуу.
Борборубуз Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +5...+7, ал эми күндүз +23...+25 градус жылуу болушу күтүлөт деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.
Кабарлар топтомун Азиза Турдуева, Шайырбек Эркин уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.
Редактор – Шайырбек Эркин уулу