Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

«Вечерний Бишкек» гезити боюнча сот чечими күчүнө кирди


БИШКЕК. 30-октябрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен «Вечерний Бишкек» гезитинин акцияларынын контролдук пакети, мүлкү жана имараты «Рубикон» фирмасына өткөрүлүп берилди. Сот чечими ушул эле күнү күчүнө кирди. Ал эми 29-октябрда «Вечерний Бишкек» гезитинин мурдагы ээлери ага караштуу мүлктү, бухгалтериялык документтерди, компьютердик жабдуулардын бир бөлүгүн толугу менен алып чыгып кеткен. “Рубикондун” өкүлдөрүнүн пикиринде, мындай аракет мыйзамга каршы. Буга чейин «Вечерний Бишкек» гезитинин кожоюну экс-президент Аскар Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдлин өкүлдөрү болгон. «Вечерний Бишкек» гезитинин баш редактору Аркадий Гладилов ээлеген кызматын өз ыктыяра менен таштады. Басылманын жаңы баш редактору эми акционерлердин жыйынында шайланат.

XS
SM
MD
LG