Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:45

Кайрадан жер талаш


БИШКЕК. Бишкектин Көкжар жаны конушунун чыгыш тарабына 30-сентябрда да 100 чакты адам жер берүү талабы менен чыгышты. Бул күнү өздөрүн үлүшкө берилген бул жердин ээсибиз дешкен Көкжар айылынын 15 чакты атчан тургундары айдоо талааны айланып коргоп жүрүштү. Бул күнү тараптардын ортосунда эч кандай кагылушуу болгон жок. Кырдаалды милиция көзөмөлдөөдө. Жер берүүнү талап кылып чыккандар үй-жайы жоктуктан ушундай кадамга айласыздан барып жатканын айтышууда. Рамий тараптар болсо алардын мындай аракети мыйзамсыздыгын белгилешүүдө. 29-сентябрда жер талап кылып чыккандар менен Көкжар айылынын тургундарынын ортосунда кагылышуу чыгып, жер талап кылгандардан эки адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бишкекте жер маселеси 24-марттагы элдик ынкылаптан кийин курчуп кеткени белгилүү. Расмий маалыматтар боюнча, жерге муктаж 60 минден ашуун адам арыз берген. Буга чейин алардын 10 миндейине үй салуу үчүн жер участоктору берилген.

XS
SM
MD
LG