Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Улгайган адамдардын эл аралык күнүнө арналган иш чаралар Таласта да өттү


ТАЛАС. Талас облусунун 4 район, 1 шаарынан чакырылган улгайган адамдардын өкүлдөрүнө Манастын күмбөзүндө сый-урмат көрсөтүлдү. Облус губернатору Искендер Айдаралиев карыялар менен бирге зыяратка катышты. Сый тамак үстүндө согуш жана эмгек ардагерлерине белек-бечкектер берилип, ыраазычылык кептер айтылды. Улгайган адамдарга ушундай сый-урмат көрсөтүү облустун бардык райондорунда жана айыл өкмөттөрүндө болуп өттү. Ушул тапта Талас облусунда Улуу Атамекендик согуштун 140 майыбы, 448 катышуучусу, бардыгы болуп 577 майып-ардагер, 1385 баатыр энелер жашап жатышат. Ардагерлердин эң улуусу Бермет эне 107 жашта, ал Талас шаарында жашайт.

XS
SM
MD
LG