Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Жаңы паспорт Түштүк Кореядан жасалат


БИШКЕК. Кыргызстандын атуулдук паспортторун чыгаруу багытында Түштүк Кореянын “Venture C&C Plasa” компаниясы менен келишим түзүлдү. Паспорт жасоого 10 млн. 221 миң евро сарпталышы күтүлүүдө. Мындай маалыматты Улуттук маалымат, технология жана байланыш агенттиги таратты. Маалыматка караганда корей ишканасы 300 миң паспортту бир айда чыгарууга кубаттуулугу бар. Аталган агенттиктин билдиргенине караганда, жаңы паспорттор келерки жылдын соңунда бериле баштайт. Ал эми Ички иштер министрлигинин малыматына караганда, учурда өлкөдө 300 миңден 500 миңге чукул адам паспортко муктаж.

XS
SM
MD
LG