Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:40

Премьер-министрдин Орусияга жасаган иш сапары аяктады


БИШКЕК. Өзбекстандын башкы прокуратурасынын Кыргызстанда куралчан топтор даярдалды дегени – чеки билдирүү. Мындай пикирин Кыргызстандын өкмөт башчысы Феликс Кулов 30-сентябрдын кечинде Москвада «Интерфакс» агенттигинде уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле маалымат жыйынында Феликс Кулов өлкөдөгү революциядан кийинки жагдайга, саясий-экономикалык абалга, Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык алакаларына жана башка маселелерге байланышкан суроолорго кеңири жооп берди. Феликс Куловдун айтымында эки күндүк иш сапарынын учурунда ал Орусия өкмөт башчысы Михаил Фрадков баштаган бир катар өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлер менен жолугушуп, конкреттүү макулдашууларга жетишти. Маселен, бул жолугушуулардын алкагында Кыргызстанга алюминий заводун, гидроэлектрстанцияларын куруу жаатында сүйлөшүү жүрдү. Орусиялык ишкерлер бул багытта 3 миллиарддан ашык доллар каражат бөлүүгө ниети барын билдиришкен. Мындан тышкары кремний чыгаруучу «Кристалл» мамлекеттик ишканасына жарыяланып жаткан тендерге Орусия катышаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG