Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Газ кендери боюнча кытай-жапониялык биринчи сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады


Токио шаарында бүгүн эки күндүк сүйлөшүү аяктады, анда - деңиз түбүндөгү газ корлорун бөлүшүү маселеси талкууланган, бирок эки тарап бир пикирге келе алган жок. Жапония тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кеничиро Сасаенин айтымында, сүйлөшүүлөр улантылат:

- Кытай тарап биздин сунуштарды карап чыгууга макул болду жана өз жообун - сүйлөшүүнүн Бээжин шаарында өтө турган кийинки айлампасында айта турганын билдирди.

Деңиз түбүндөгү кен - Жапониянын Окинава аралы менен Кытайдын чыгыш жээги ортосунда жайгашат.

XS
SM
MD
LG