Улуу Британиянын коргоо министри Жон Рид бүгүн Кабул шаарында ооган коргоо министри Рахим Вардак менен жолугуп, Ооганстанда жайгаштырылган НАТО аскерлерине эмдиги жылдын май айында Британия башкаруучулук кыла баштаганда, Лондон өлкөгө кошумча аскер жиберет, деп билдирди. Ооганстандагы НАТО аскерлеринин курамында азыр бир миңге жакын британиялык аскер бар.