БИШКЕК. Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер Жапониянын жогорку окуу жайларында даярдала баштайт. Бул тууралуу келишимге Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттиги менен кыргыз тарап кол койду. Мамлекеттик кызмат боюнча агенттиктин жетекчиси Асылбек Болотбаевдин айтымында, Бүткүл дүйнө жапон тажрыйбасын үйрөнүп жатат, андыктан Кыргызстан да мындай окуудан кийин күчтүү мамлекеттик кызматкерлерге ээ болот. Жапониянын жогорку окуу жайларына кыргызстандык мамлекеттик кызматкерлер 2006-жылдан баштап жөнөтүлө баштайт.