Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Куш ылаңы Кыргызстанга жакындап калдыбы?


БИШКЕК. Дүйнө жүзүнүн тынчын алып аткан куш тумоосу Кыргызстанга да жакындап калды. Мындай пикирин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлжигит Алиев “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

- Бизге жакындап калды, коркунуч чоң. Бизге коңшу мамлекеттерге эчак крип келген да. Учурда куш тумоосу Орусияга, Казакстанга да кирди, бирок адамга жуккан фактылар азырынча жок. Эгер Кыргызстанга жайылса, аны токтотуу кыйынга туруп калат, андыктан анын алдын алууга аракет жасоо керек.

Учурда Түштүк Чыгыш Азияда эле куш тумоосу 60 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул дарт аба аркылуу тарайт жана азырынча Кыргызстанда аны аныктоого жана дарылоого шарт жок. Гүлжигит Алиевдин айтымында, кыргыз бийлиги бул дартты аныктай ала турган лаборатория ачып берүү өтүнүчү менен Азия өнүктүрүү банкына кайрылып жатат.

XS
SM
MD
LG