Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:55

Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу боюнча сүйлөшүүлөр эртең башталууга тийиш


Түркия премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган бүгүн Европа Биримдигинин жетекчилигине кайрылып, Биримдикти күчтүү уюмга айлантууга чакырды. Анын пикиринде, антпегенде Биримдик жөн гана христиан мамлекеттеринин клубуна айланып кетиши мүмкүн. Өлкөнүн тышкы иштери министри Абдулла Гүлдүн айтымында болсо, Түркия Биримдикке толук кандуу мүчө болуп кирүүгө гана макул. Ал тууралуу сүйлөшүүлөр 3-октябрда башталууга тийиш, бирок Австриянын сунушу менен Түркиянын мүчөлүгүнө башка макам берсе болот. Британиянын тышкы иштер министри Жек Стро бүгүн - Түркиянын Биримдикке кабыл алыш керек, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG