Индонезиянын Бали аралында кечээ күнү жардыруу болгон жерге бүгүн өлкө президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно келип кетти. Анын айтымында, террорчулукка каршы жаңы чечкиндүү чаралар көрүлүүгө тийиш. Жардыруу үчүн жөөпкерчиликти азырынча эч ким өзүнө ала элек. Ички иштер министрлигинин айтымында, аны жанкечти уюштурганга окшош. Бардыгы болуп андан 25 адам набыт кетип, дагы 120 киши жараат алганы тууралуу айтылууда. 2002-жылы Бали аралында уюштурулган жардыруудан 202 адам өлгөн.