Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Индонезия терроризмге каршы күрөштү күчөтөт


Индонезиянын полициясы Бали аралында болгон жардырууларды жан кечтилер жасады деп билдирди. 26 адамдын өмүрүн алып, 120 адамды майып кылган жардырууларга жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Индонезиянын бийлиги терракт “ал-Каидага” өтө жакын экстремисттик топ - “Жамаа исламиянын” колунан келди деп жатат. Индонезиянын Бали аралына барган президенти Сусило Бамбаң Юдхойоно дагы жаңы террактар болушу мүмкүн деп, ага каршы катуу чара көрүүгө өкмөттү чакырды:

- Биз, индонезиянын эли, терроризм менен күрөштө баарын жасайбыз. Биз террорду токтотуу үчүн бардык күчтү жумшайбыз жана биз коңшулар жана эл аралык коомчулуктун көмөгү менен жеңебиз.

БУУ, АКШ жана башка көп мамлекеттер бул терракты катуу айыпташты.

XS
SM
MD
LG