Кечээ кечинде Газа тилкесинде “Хамас” тобу менен Палестинанын полициясынын ортосунда кагылышуу болуп, андан 3 адам каза болду. Андан тышкары 50дөн ашык адам жараат алды. Полиция “Хамас” тобунун машина менен кетип бараткан мүчөлөрүн токтотууга аракет кылганда, алар граната ыргытып, ок атышкан. Израил ишемби күнү кечинде палестиндик экстремисттерге каршы Газа тилкесиндеги операциясын токтоткон. Ага палестиндиктердин Израил тарапка ок атпайбыз деген убадасы негиз берген.