Учурда расмий сапар менен Кыргызстанда жүргөн Европа Өнүктүрүү жана реконструкциялоо Банкынын Борбор Азия аймактык директору Масару Хонманы дүйшөмбүдө премьер-министр Феликс Кулов кабыл алды. Жолугушууда белгиленгенге караганда, Европа Банкы 10 жылдан берки кызматташтыкты ушул калыбында улантуу үчүн өлкөдө туруктуулук болушуна жана инвестициялык климаттын жакшырышына кызыкдар. Хонманын айтымында, инвестициянын көлөмү өткөн жылдары үч эсе көбөйдү. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы менчик секторду каржылоого артыкчылык берет. Феликс Кулов жолугушууда өлкөдөгү жалпы абалга, ыңкылап шарттаган жагдайларга токтолду.