Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

НАТО катчысынын өкүлү Кыргызстанда болду


БИШКЕК. Антитеррордук коалициянын АКШ баштаган мүчөлөрү «Ганси» авиабазасы жайгашкан «Манас» аба майданынын кызматынан пайдаланууну уланта берет. Мындай пикирин дүйшөмбүдө «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында НАТО катчысынын Борбор Азия жана Кавказ боюнча өкүлү Роберт Симонс билдирди. Анын айтымында, Ооганстанда биротоло тынчтык орногонго чейин АКШ жана НАТО аскер күчтөрүн кармап турат жана Борбор Азиядагы авиабазалар пайдаланылат. Симонстун айтымында, Ооганстанда биротоло тынчтык орнотуу үчүн Кыргызстандын жана аймактагы башка мамлекеттердин жардамы керек. Ал эми Ханабаддагы аба-аскерий базанын кызматынан коалициядагы АКШдан башка мамлекеттер пайдалана алышат, анткени алар тууралуу сөз болгон эмес деп билдирди НАТО өкүлү. Ушул эле күнү НАТОнун өкүлү Коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязов, коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушту Ушул эле күнү анын расмий сапары аяктады. Роберт Симонс Кыргызстанга 30-сентябрда келген.

XS
SM
MD
LG