Медицина жаатындагы Нобель сыйлыгы австралиялык окумуштуулар Бэрри Маршал менен Робин Уорренге ыйгарылды. Нобель комитетинин катчысы Ханс Йорнвалл бул жөнүндө жарыялап жатып мындай деди:
- Каролинск институтунун Нобель ассамблеясы быйылкы жыл үчүн физиология жана медицина жаатындагы Нобель сыйлыгын Барри Маршал менен Робин Уорренге Хеликобактери пилори бактериясын ачканы жана анын гастрит – жара орууларындагы ролун изилдегени үчүн ыйгарууну чечти.
Австралиялык окумуштуулар ашказандын гастрит жана жара оруусу "хеликобактери пилори " деген бактерия жараткан инфекциянын натыйжасы экенин аныкташкан. Ушул апта бою ошондой эле физика, химия, адабият жаатындагы лауреаттар жана Нобель тынчтык сыйлыгынын быйылкы ээси белгилүү болмокчу. Ал эми сыйлыкты тапшыруу салтанаты Альфред Нобель өлгөн күнү - 10-декабрда Стокгольмда жана Ослодо өтөт. Сыйлыктын өлчөмү болсо 1,3 миллион АКШ долларына барабар.