Алар өткөн айдагы парламенттик шайлоого хазара улутундагылардан талапкер катары чыккан саясатчынын киши колдуу болушуна нааразылык билдиришүүдө. Мохаммед Рамазан аттуу хазара улутундагы саясатчынын өлүмүнө жоопкерлерди табууну талап кылып, Түндүктөгү Мазари-Шариф шаарында дагы бир миңдей демонстрант эки күндөн бери кан жолду бууп турат. Мохаммед Рамзанды Мазари-Шарифтен өткөн шейшемби күнү атып кетишкен эле жана бул окуя үчүн талибдер жоопкер болгон. Бирок саясатчынын жактоочулары жергиликтүү бийликти айыпташууда. Ал эми ооган коргоо министрлигинин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, соңку эки күндүн ичинде өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарынан Талибандын согушкери деп шектелген 31 адам жок кылынды.