Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Адамовдун соту Орусияны тынчсыздантты


Орусиянын тышкы иштер министрлиги атом энергетикасы боюнча мурдагы министри Евгений Адамовду АКШга өткөрүп берүү жөнүндө Швейцариянын сотунун чечими эл аралык укуктарга карама-каршы келет жана ал Орусияда “түшүнбөстүктү” жаратты деп билдирди. Адамов ушул жылдын жазында АКШнын талабы менен Швейцарияда камакка алынган. Ага Орусиянын атомдук электр станцияларындагы коопсуздукту камсыз кылууга бөлүнгөн 9 миллион долларды жымырып алган деген кине негиз берген. Орусия да Адамовду коррупцияга малынды деп, өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылган. Ал эми Швейцариянын юстиция министрлигинин өкүлү Рудольф Висс Адамов Орусияга өткөрүлө турган болсо тергөөгө тоскоолдук жасалып, аны АКШга Орусия такыр өткөрүп бербей коет, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG