Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

Өзбекстанга Евробиримдик санкция киргизди


Евробиримдиктеги мамлекеттердин Люксембурга чогулган тышкы иштер министрлери Өзбекстанга санкция киргизүү жөнүндөгү декларацияны колдоду. Декларацияда Анжыяндагы кандуу окуяны эл аралык көз карандысыз комиссиянын иликтөөсүнө макулдук бербеген Өзбекстандын бийлиги кескин сынга алынган. Ушундан улам Евробиримдик Өзбекстанга курал-жарак берүүгө тыюу салды. Расмий Ташкент Анжыян окуясында 187 адам каза болду деген менен укук коргоо уюмдары набыт кеткендердин саны 700дөн кем эмес деп жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG