Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:18

А. Бекназаров: «Азыркы бийлик менчик бөлүштүрүү менен гана алек»


БИШКЕК. Март ыңкылабынан кийин кызматка келген аткаруу бийлик өкүлдөрү Аскар Акаевдин мезгилинде мыйзамсыз менчиктештирилген кирешелүү ишканаларды кайрадан бөлүштүрүү менен алек болушууда. Мындай пикирин мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына 4-октябрда берген маегинде билдирди. Ошондой эле Бекназаров өзүнүн кызматтан алынышынын себебин учурдагы президент Курманбек Бакиевдин жакындарынын өлкөдөгү эң кирешелүү ишканаларды кайрадан өздөрүнүн карамагына өткөрүү аракетине каршы тургандыгы менен байланыштырып түшүндүрдү:

- Факты келтирейин. «Ааалам сервисти» алабыз деп аракет кылышты. Канттагы Цемент шифер заводдун ишин биз тергеп жатсак, Адил Тойгонбаевден алган он үч пайыз акцияны жең ичинен дароо өздөрүнүн кишисинин эсебине өткөрүп алышты. Мындан сырткары Шампан-вино комбинатына арест салып, тергеп жатсак аны да менчиктештирип алышты. Аны жөнөкөй адам менчиктештирип ала албайт. Ал жетинчи кабаттагылардын буйругу менен болууда. Мындай мисалдарды толтура келтирүүгө болот.

Ал эми мамлекет башчы Курманбек Бакиев Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышынын себебин анын кызматында кетирген кемчилиги менен байланыштырып түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG