Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:29

Вице-премьер-министрлердин милдетин аткаруучулар кызматтарынан бошотулду


БИШКЕК. 24-марттан кийин Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Медетбек Керимкулов, вице-премьер-министрдин милдетин атркаруучу кызматтарына дайындалган Данияр Үсөнөв жана Ишенгүл Болжурова ээлеген кызматтарынан президенттин жардыгы менен бошотулду. Бул тууралуу 4-октябрда президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Президенттин ушул эле күнкү жардыктары менен Тойгонбек Калматов «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн түзүмү жөнүңдөгү» мыйзамдын күчүнө киргендигине байланыштуу өлкөнүн эл аралык интеграция жана кызматташтык иштери боюнча министринин милдетин аткаруучунун кызматынан бошотулду. Ал эми Төлөбек Өмүралиев жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча министринин кызматынан бошотулду.

XS
SM
MD
LG