Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Ыңкылапчы саясатчылар жыйын курат


БИШКЕК. Курамына тогуз саясий партия кирген «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны 6-октябрда Бишкекте өткөрүлөт. Анда өлкөдөгү соңку мезгилдеги саясий экономикалык абал, жаңы өкмөттүн курамынын түзүлүшү, Конституциялык реформаны жүргүзүү сыяктуу маселер каралат. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү, мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына 4-октябрда билдирди. Бекназаровдун айтымында, бул жыйынга март ыңкылабына катышышып, бирок бийликтен четтетилген белгилүү саясатчылардын баары катышышат.

«Кыргызстан элдик кыймылы» март ыңкылабына чейин түзүлгөн. Аны учурдагы президент Курманбек Бакиев жетектеген. Ал эми март ыңкылабынан кийин кыймыл «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы болуп кайра түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG