Ирак президенти Жалал Талабани бүгүн Прага шаарында чех премьер-министри Иржи Пароубек менен жолугуп, Ирактагы абал жана эки мамлекет ортосундагы байланыштарды кеңейтүү маселелерин талкуулады. Иракта азыр жүзгө жакын чехиялык аскер бар. Ооган президенти Хамид Карзай болсо, бүгүн Париж шаарында Франциянын премьер-министри Доминик де Вильпен менен жолугуп, Ооганстандагы абалды стабилдештирүү үчүн дагы көп убакыт керек деп, эл аралык коомчулуктан жардам сурады.