Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Түркия менен Европа Биримдигинин ортосунда сүйлөшүүлөр башталды


Түндө Европа Биримдиги менен Түркия ортосунда өлкөнүн уюмга мүчө болуп кошулушу тууралуу расми сүйлөшүүлөр башталды. Мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, сүйлөшүү 3-октябрда башталмак, бирок акыркы күндөрдө бир нече орчундуу маселе чыккан жана Биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Люксембург шаарында чогулуп, маселени 30 саат бою талкуулашты. Түркия тышкы иштер министри Абдула Гүлдүн айтымында, талкуу Түркиянын пайдасына аяктады:

- Эң негизгиси - бул сүйлөшүү ийшиликтүү бүтсө, Түркия Европа Биримдигине толук кандуу мүчө болот жана ага башка альтернатива жок. Андай жыйынтыкка жетиш үчүн Түркия бир топ тоскоолдуктан өтүш керек, алардын айрымдары проблемалар менен коштолушу мүмкүн. Бирок коюлган максат ага арзыйт.

29-сентябрда Австрия жаңы сунуш киргизип, Түркияны Биримдикке толук мүчө катары кабыл албай, анын мүчөлүгүнө өзгөчө макам берсе болот деп чыккан, бир топ башка европалык мамлекеттер да өз тычсыздануусун билдирген, ошондуктан Европа Комиссиясынын төрагасы Хосе Мануэл Баррозунун айтымында, эми Түркия европалыктардын көңүлүн алыш керек.

XS
SM
MD
LG