Пакистанда талиптердин өкүлү Абдул Латиф Хакими колго түшүрүлдү. Ал буга чейин Ооганстанда талиптердин чабуулун жарыя кылып жүргөн адам болчу. Ал тууралуу Пакистандын маалымат министри Шейх Рашид Ахмед: “ Бул камакка алуу абдан көп маалыматты берет деген ойдобуз. Анткени, ал талиптер менен өтө жакын адам. Бул биздин коопсуздук кызматтарынын чоң ийгилиги” - деп билдирди.