Бул күндөрү Евробиримдикке кирген мамлекеттер Түркия менен Хорватияны Биримдикке мүчөлүккө кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Евробиримдикке мүчө болууну 42 жылдан бери самап келаткан Түркиянын премьер-министри Реджеп Тайып Эрдоган өз өлкөсү Биримдикке мүчө болуу үчүн талап кылынган өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.