Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:08

Британия жана Орусия террорго каршы биргелешип аракеттенет


Лондондо бүгүн британ премьери менен Тони Блэр менен орус президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүлөрү өттү. Тараптар соода алакаларын өнүктүрүү, терроризмге каршы биргелешип күрөшүү өңдүү маселелерди талкууга алышты. Алар ошондой эле террорчулукка каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү убада кылышты. Орус президенти Британиянын сүйлөшүүлөрдөгү ачыктыгын жогору баалады:

- Биз глобалдык коркунучтарды, анын ичинде террордун коркунучун түшүнөбүз. Орусиялык тарап биздин сүйлөшүүлөрдүн багыты менен жыйнытыгына өтө канаатанат. Албетте биз Британиянын ачыктыгына, анын ичинде сезимтал чөйрөлөрдөгү ачыктыгына, биз азыр эле террорчулука каршы биргелешип күрөшүү маселесин талкуулоо учурунда көргөн ачыктыкка ыраазыбыз.

Путин британ өкмөтүнүн Лондондун борборунда "Кобра" деп аталган коопсуздук базасын саякаттап көргөн алгачкы чет өлкөлүк лидер болду. Ал эми кечээ британ баш калаасында өткөн саммиттте Европа биримдиги менен Орусиянын лидерлери пикир келишпестиктерди жоюуга аракет жасашкан эле.

XS
SM
MD
LG