Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Түркияга болгон карыздын тагдыры талкууланды


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү чет элдик инвесторлорду коргоо багытында иш- чараларды көрүүдө. 24-марттагы талап-тоноочулукта жапа чеккен чет элдик компанияларга айрыкча көңүл бурулуп жатат. Бул тууралуу шейшемби күнү Финансы министри Акылбек Жапаров Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Фатма Фербиль Алпман менен жолукканда билдирди. Бул жолугушууда сөз Кыргызстандын Түркияга болгон 46 миллион доллар карызын реструктуризациялоо жөнүндө болду. Элчи кыргыз тарап көрүп жаткан аракеттер карыз маселесин чечүүдө эске алынаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG