Линктер

шейшемби, 19-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:15

Баткенден табылган куралдар тарых музейине берилди


БИШКЕК. 1999-2000-жылдары Баткен облусунун аймагына кол салган эл аралык террорчулар жашырып кеткен жеринен табылган курал-жарактарды чек ара кызматы 5-октябрда тарых музейине экспонат катары өткөрүп берди. Курал-жарактарды өткөрүү аземине чек арак ызматынын башчысынын орун басары, генерал-майор Садырбек Дубанаев жана тарых музейинин жетекчиси Жумалы Момункулов катышты. Бул иш чара Кыргыз өкмөтүнүн ушул жылдын 17-августтагы токтомуна ылайык жүргүзүлдү.

Тарых музейине берилген куралдар 1999-2000-жылдары Баткендеги Тилбе, Шудман, жана Төрө деген ашуулардан Баткен чек ара бөлүгү тарабынан жүргүзүлгөн тинтүү аракеттеринин натыйжасында табылган. Аскерий талдоочулардын баамында, бул курал жарактар менен 300 террорчуну кенен камсыздоого болмок. Мындай маалыматты ушул эле күнү чек ара кызматынын басма сөз кызматы таратты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG