Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

АКШ Кыргызстанга 10 миллион доллар берет


НАРЫН. Мындай маалыматты АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович Нарын облусундагы иш сапары учурунда журналисттер менен жолугушуусунда билдирди. Элчи айымдын айтымында, Кыргызстанга март ыңкылабынан кийин АКШ тарбынан берилген каражаттардан сырткары дагы 10 млн. доллар бөлүнөт. Ал акча демократияны өнүктүрүүгө, коррупцияга каршы иштерге жумшалууга тийиш. 5 млн. доллар болсо наркотикке каршы жумшалат. Элчи айымдын билдирүүсү боюнча массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүүгө АКШ тарабынан бөлүнгөн каражаттардын суммасы азайбайт. Элчинин Нарында 4-октябрда башталган сапары 5-октябрда аяктады. Сапар учурунда ал жергиликтүү бийлик менен жана Нарын коомчулугун ар кыл тармактарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул жаңы элчинин Нарындагы алгачкы сапары болду.

XS
SM
MD
LG