Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:28

Өлкөдөгү соңку кырдаалга баа берилет


БИШКЕК. 6-октябрда Бишкекте «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылынын координациялык кеңешинин жыйыны өтөт. Аталган кыймылдын аткаруу комитетинин төрагасы Алишер Абдымомуновдун 5-октябрда “Азаттыкка” билдиргенине караганда жыйында жаңы өкмөттүн курамынын түзүлүшү, Конституциялык реформаны жүргүзүү, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу маселер талкууланып, өклөдөгү сонку кырдаалга баа берилет. Алишер Абдумомуновдун айтымында, өлкөдө коррупцияга каршы курөштү күчөтүү да элдик ыңкылаптын негизги максаттарынын бири болгон. Бирок соңку кезде коррупция менен күрөшүү байкалбайт.

«Кыргызстан элдик кыймылы» март ыңкылабына чейин түзүлгөн. Аны ошол кезде учурдагы президент Курманбек Бакиев жетектеп турган. Ал эми март ыңкылабынан кийин кыймыл «Кыргызстан» коомдук саясий кыймылы болуп кайра түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG